07.03.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 2018-2019 жж. күз-кыш мезгилинин өтүшү
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ош жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын бардык объектери штаттык режимде иштеп, күз-кыш мезгили туруктуу өтүүдө.
Жаз айларынын келиши менен быйылкы күз-кыш мезгили аяктап, 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктар башталат.
Учурда Баткен областынын Арка массивиндеги насостук чордонун сугат компаниясына даярдоо жана электр кубаттуулугу менен туруктуу камсыздоо боюнча иш мерчем бекитилип, 110 кВ Целинная жана Морская көмөк чордондорунда утурумдук оңдоо жумуштары аткарылууда.
«Баткен областынын Лейлек районунун Арка массивин электр энергисы менен камсыздалышын жакшыртуу» долбоорунун алкагында жаңы 110 кВ Раззаков атындагы көмөк чордонунун курулушу башталат жана 110 кВ Арка көмөк чордону реконструкцияланат. Аталган көмөк чордондордун ортосун бириктирген узундугу 51 км болгон аба чубалгысы курулат.
Долбоордун жыйынтыгында Баткен областындагы Лейлек районунун Тажик Республикасы менен чектеш жайгашкан айылдарынын жана Арка массивинин калкын, социалдык тармактарынын электр энергиясына коңшу мамлекеттен көз карандылыгы жоюлат.
Былтыр майлуу өчүргүчтөрдү элегаздык өчүргүчтөргө алмаштыруу иштери башталган, быйыл да мерчемге ылайык иш уланат. Мындан тышкары, Ош жана Баткен аймактарында тирөөчтөрдү селден коргоо багытында иштер аткарылат.
Жыл сайын кыш, жай мезгилинде компанияныны обочолоо кызматынын (ЦСИЗПИ) графигинин негизинде февраль, июль айларында, ультранурдуу «Тепловизор» аппараттынын жардамы менен 110-220 кВ бардык көмөк чордондордун негизги электр жабдууларын жана кээ бир тутумдук аба чубалгыларын диагностикалык текшерүүдөн өткөрүп, аныкталган кемчиликтер (авариялык бузулуу абалына жеткирбей), алдын ала түзүлгөн иш-чаралардын негизинде убагында оңдолуп, түзөлүп профилактикалык сынактан өткөрүлөт.
2018- жылдын жыйынтыгында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ош филиалында капиталдык ондоо иштери 110 кВ 12 көмөк чордондо (КЧ), узундугу 17,1 км болгон 110 кВ аба чубалгыларында аткарылды. Утурумдук техникалык оңдоо жумуштары 110-220 кВ 41 КЧ, узундугу –1288,621 км түзгөн 110-220 кВ аба чубалгыларында жүргүзүлгөн. Кара-Суу көмөк чордонунда электр жабдууларын релелик коргоону жөнгө салуу иштери толугу менен аяктаган.
Атмосфералык кубулуштардан (чагылгандан) коргогон эски РВС-110, жаңы типтеги ОПН-110 кВ он көмөк чордондордо алмаштырылды. Ошондой эле өткөн жылдын жаз айларында, селге каршы тирөөчтөрдү бекемдөө боюнча иштер жасалган.
Мындан тышкары эки көмөк чордондо (110 кВ Кара- Кулжа, 110 кВ Мады) жаңыдан кызматтык жайлар курулуп, башка көмөк чордондордо чатырлар алмаштырылып, бир топ курулуш иштери жасалган.
Жогорудагы иштердин бардыгы кректөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта