14.03.2019 Кургаган чөптөрдү, камыштарды электр берүү чубалгыларынын жанында өрттөө электрэнергиясынын өчүүсүнө алып келет
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өрт коопсуздугун сактоо үчүн корукка алынган электр берүү чубалгыларынын жанында от жакпоону суранат, себеби өрт электрэнергиясын үзгүлтүккө учуратат.
Жаздын келиши менен жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларынын жанында кургак чөптөрдү өрттө көбөйүүдө. Бул маселе Чүй өрөөнүндө курч турат. Жер ээлери, дыйкандар жакын жерде энергетикалык объектер жайгашкандыгын эске албай айдоо аянттарын эгин себүүгө даярдап кураган чөптөрдү өрттөп салууда.
Мындан тышкары күндүн жылышы менен ишембиликтер башталып, аянттарды тазалагандан соң таштандыларды өрттөп, жыйынтыгында мындай өрттөн улам жакын жайгашкан энергетикалык объектер, электр берүү чубалгылары коюу түтүндөн автоматтык түрдө өчүп калууда.
Эгер от жалындап жогору көтөрүлсө, ал ири аварияга алып келиши мүмкүн. Март айында Чүй өрөөнүндө мындай эки факт катталып, электрэнергиясы менен калкты камсыздоо үзгүлтүккө учураган.
Биз дайыма жергиликтүү бийликке кайрылып, электр берүү чубалгыларынын жанында таштандыларды, чириген чөптөрдү, камыштарды өрттөбөөсүн суранып, ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдарга кат жазып, келебиз. Жаңы кабыл алынган 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген «Бузуулар» тууралуу кодекстин 71-беренесине ылайык белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө үчүн айып салынат, жеке жактар үчүн – 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом.
Кыргызстан улуттук электр тармагынын объектери стратегиялык болуп саналат жана корголуучу зоналарга кирет.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта