19.03.2019 Өрттөн улам жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгыларында өчүүлөр көбөйүүдө
2019-жылдын 19-мартында саат 17-35те 110 кВ «ТЭЦ Бишкек – Кант 2» аба чубалгысында өчүү болгон. Кесепеттерин аныктоодо электр берүү чубалгыларына жакын жерде өрт чыккандыгы тастыкталды.
Бул жогорку чыңалуудагы электр берүүчү чубалгы республиканын энерготутумунун иштөөсүндө чоң мааниге ээ, себеп мындай өчүүлөр ага көмөктөш иштеген стратегиялык энергообъектердин ишинин начарлашына алып келет.
Акыркы бир ай ичинде Чүй областында өрттөн улам жогорку чыңалуудагы электр берүүчү чубалгыларда 4 өчүү болгон.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тургундарды кураган чөптөрдү өрттөбөй, өрт коопсуздугун сактоону өтүнөт. Кургак жана шамал аба ырайы өрттүн тарашына себепкер болуп, ал электр жабдууларды жабыркатып, керектөөчүлөрдү электрэнергиясы менен камсыздоосун үзгүлтүккө учуратат.
Поделиться в социальных сетях