18.03.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты
2019-жылдын 16-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жана облустардагы 7 филиалынын 2 миңге жакын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Жаздын келиши менен башталган ишембиликте административдик имараттардын, көмөк чордондордун тегерек-четтери тазаланды, жашылдандырылып, бак-дарактар отургузулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык демилгесин колдойт.
Поделиться в социальных сетях