25.03.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алдында ишембиликтерди өткөрүүдө
2019-жылдын 23-мартында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жана облустардагы 7 филиалынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты.
Административдик имараттардын, көмөк чордондордун тегерек-четтери тазаланды, жашылдандырылып, бак-дарактар отургузулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты активдүү колдоодо.
Поделиться в социальных сетях