03.04.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын 220 кВ «Ала-Арча» көмөк чордону КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, КР энергетикасынын ардагери Давыдов Ильяс Абдулловичтин ысымы менен аталды
2019-жылдын 2-апрелинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ала-Арча көмөк чордонуна КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, КР энергетикасынын ардагери Иляс Абдуллович Давыдовдун ысымын ыйгаруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Ага КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР жана КМШдагы энергетикалык компаниялардын жетекчилери жана кесиптештери, КР жана КМШнын энергетик ардагерлери катышты, ал көмөк чордондун аймагында өттү. Белгилей кетсек салтанат Давыдов И.А. туулган күнүнө туш келип олтурат, ал бүгүн 78 жашка чыкты.
Иш-чараны ачып жатып «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Медетбек Айткулов КР энергетик ардагерлеринин Кеңеши кат жолдоп анда 220 кВ Ала-Арча көмөк чордонуна Давыдов Ильяс Абдулловичтин кыргыз энергетикасына кошкон салымын эске алуу менен, так ушул көмөк чордондо анын жетекчилиги алдында курулуш иштери жүргүзүлгөндүгүн эске алуу менен анын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынгандыгын айтты.
«Давыдов Иляс Абдуллович өлкөнүн энергетикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы олутту жана анын жигердүү катышуусунда Нарын дарыясында гидроэнергетикалык объектер, уникалдуу электр берүүчү чубалгылар жана көмөк чордондор курулган, алар катаал тоолордо, тоо этектеринде жайгашкан, республиканын бардык аймактары электрэнергиясы менен камсыздай турган электр тармактары түзүлгөн. 220 кВ Ала-Арча көмөк чордонуна Давыдов Ильяс Абдулловичтин ысымын ыйгаруу биз үчүн сыймык», - деди ал.
И.А.Давыдов тууралуу маалымат: Ал 1941-жылы 2-апрелде жарык дүйнөгө келген. Анын элүү жылдык эмгек жолу Кыргыз Республикасынын энергетикасы жана энергетикалык тутуму менен байланыштуу. 1963-жылы Томск шаарындагы политехникалык институтунун «Электр тармагы жана тутуму» адистиги боюнча окуусун аяктаган.
Эмгек жолун 1963-жылы «Сельэнергодо» улук инженердик кызматта баштап Кыргызглавэнергонун Ош электр тармактарынын башкы инженерине чейин жеткен.
1987-жылы СССРдин Минэнергосу алдындагы Кыргыз ССРнин энергетикалык башкаруу жана электирлештирүү башкы башкармалыгында башкы инженер кызматын аркалаган. 2001-жылы кайра конструкциялоодон соң «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген. 2008-жылдын ноябрь айында КР Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстарын пайдалануу министрлигин жетектеп, 2009-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасынын энергетика министри болуп дайындалган. 2010-жылдан 2012-жылдар аралыгында Энергетика министрлигинде кеңешчи жана энергиянын кайра жаратуучу булактары бөлүмүн башкарып келген.
Учурда И.Давыдов КР энергетик-ардагерлеринин Кеңешинин төрагасынын орун басары жана энергетика тармагында эксперт.
1990-жылдары жаңы гидроэнергетикалык кубаттуулуктарды киргизип, ал жылуулук энергиясына болгон талаптардын өсүшүн канааттандырган. Көз карандысыз Борбор-Азия мамлекеттеринин түптөлүшүнөн улам - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия менен энергетикалык тармакта кызматташуу багытында алака түзүп, бирдиктүү тутумда иштөөсүнө өз салымын кошкон жана тажырыйба алмашуу багытында да жигердүү эмгектенген.
Ал өндүрүштүк ишмердигин илимий-педагогикалык ишмердик менен бирге алып жүрөт. И.Давыдов жана анын катышуусунда мурунку ССР убагында жана Кыргызстанда 30дан ашык эмектер жарык көргөн.
Эмгекчилдиги, жоопкерчилиги менен ал энергетиктер арасында сый урматка ээ болду. И.Давыдов менен бирге эмгектенгендер анын жоопкерчилигин, талантын, уюштуруучулук сапатын жогору баалашат.
Анын ишинин артынан электр трмактарынын ар бир ишканасында курулуш топтору түзүлүп, тийиштүү имараттар курулуп, күчтүк трансформаторлор, өлчөөчү трансформаторлор жана башка жабдуулар оңдолуп, жумушчулар үчүн душ, спорттук аянтчалар, теннисттик кортор салынган.
Давыдов Ильяс Абудулловичке 1994-жылы энергетикага кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наам ыйгарылган. 1999-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган, 2002-жылы «КМШнын эмгек сиңирген энергетиги» наамын алган. Ошондой эле «Эмгек даңкы» төш белгиси менен сыйланган. Мамлекеттер аралык энергетикалык байланышты чыңдагандыгы үчүн КМШнын аткаруу комитетинин ардак грамотасы менен, жана Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын ведомстволук ардак грамоталары менен сыйланган.
Көмөк чордон тууралуу маалымат: 220/110/10 кВ Ала-Арча көмөк чордону Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, Сокулук районунун Жал айылында жайгашкан.
Көмөк чордон 2000-жылы ишке берилген, аны менен бирге Бишкектин түштүк-батыш тарабын электрэнергиясы менен туруктуу камсыздап, керектөөчүлөрдүн көбөйүшү менен реконструкциялоодон өткөн. Учурда жүктөм жогорулоодо 2019-20-жылдары аны 2*200 МВАден 2*250 МВАге көбөйтүү пландалууда.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта