09.04.2019 Уруксаты жок жактардын иш аракетинен улам 110 кВ Парковая – Ала-Арча аба чубалгысында өчүү болду
2019-жылдын 5-апрелинде саат 20-30да Бишкек шаарында жайгашкан 110 кВ Парковая – Ала-Арча аба чубалгысында өчүү болгон. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын энергетиктери тарабынан кыска убакыттын ичинде керектөөчүлөрдү электрэнергиясы менен камсыздоо калыбына келтирилген. Өчүүнүн себебин аныктоодо белгисиз адамдар өзүм билемдик кылып коргоого алынган 110 кВ Парковая Ала-Арча 110 кВ аба чубалгысынын жанында бак кыйгандыгы аныкталган. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын адистери тарабынан тийиштүү актылар түзүлүп мамлекеттик органдарга берилген. Күнөөлүүлөр укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголгон аймактарда анын ичинде электр берүү чубалгыларга жакын жана анын алдында өскөн бак-дарактарды кыйганга, энергетиктердин гана укугу бар, ал электр берүү чубалгысынын иштөөсүнө тоскоолдук кылган гана учурда.
Электр берүү чубалгылары алдында кандайдыр бир иш жүргүзөөр алдында мекемелер жана жарандар тийиштүү электр тармактары ишканалар менен макулдашышы керек. Талаптарды аткарбаган жарандар КР Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК мындай жагдайда калбаш үчүн, коргоого алынган тилкелерде иш алып барууга болбой тургандыгын эскертет. Мындан тышкары электр берүү чубалгылар жогорку чыналуу алдында болоорун эскертип ага жакын жерде иш жүргүзүү ден соолукка жана жашоого коркунуч келтирерин эскертет.
Электр берүү чубалгыларга жакын жерде кандайдыр бир иш жүргүзөөр алдында макулдашуу үчүн электр тармактары ишканаларына кайрылууга, алар менен макулдашууга чакырат.
Ишканалардын даректери жана телефондору:
Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы.
720609 Жалал-Абад ш, . Ленин көч, 159
тел/факс (03722) 5-27-14
Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы.
722360, Каракол ш., . Фучик көч.,24
тел/факс (03922) 4-24-60
Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы.
7222600, Нарын ш., Кооперативная көч., 2
тел/факс (03522) 5-12-11
Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы.
723503, Ош ш., А. Масалиев просп., 102
тел/факс (03722) 5-27-14
Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы
722720, Талас ш., Оторбаев көч., 4
тел/факс (03422) 5-36-10
Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы 720065,
Бишкек ш., Литов көч.,204
тел/факс (0312) 53-08-12
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта