10.04.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК суу ташкындарына, селге каршы иштерди баштады
Жаз-жай мезгилиндеги суу ташкындарына, сел коркунучтарына каршы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери атайын мерчемделген иш чараларын баштады.
Беш ай аралыгында март айынан баштап июль айына чейин 27 көмөк чордондо жана 29 электр энергиясын берүүчү тирөөчтөрдө суу ташкындарына жана селге каршы компаниянын аймактарындагы филиалдарында иштер жүргүзүлөт.
Көмөк чордондордо:
- Көмөк чордонду тегерете арык казылат;
- Суу жана сел ага турган түтүктөр тазаланат;
- Ачык бөлүштүрүүчү жабдуулардагы кабель түтүктөр тазаланат;
- Суу кете турган түтүктөр менен ноолорду кол менен тазаланат;
- Механикалык жана кол менен жер кыртыштарын тазаланат.
Электр берүүч чубалгыларда:
- Тирөөчтөрдү байкап чыгуу;
- Тирөөчтөрдү коргоо жана каңдоо;
- Суунун агымын башка нукка буруу;
- Тирөөчтөрдү түздөө жана бекемдөө.
Учурда сел коркунуч жараткан участоктордо байкоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаз-жай суу ташкындары, сел мезгилинен өтүү максатында атайын техника, энергетиктерден турган топ түзүлгөн. Штаттык эмес абал түзүлгөн учурда ӨКМ көчтөрү тартылат.
Поделиться в социальных сетях