22.04.2019 2019-жылдын 23-24-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда «Энергетикадагы санариптик технологиялар» деген аталыштагы Бирдиктүү презентациялык күн өткөрүлөт
«2018-2023 –жылдар аралыгында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда инновациялык программаларды жайылтуу» программасынын алкагында, 2019-жылдын 23-24-майында Кыргызстандын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин алкагында «Энергетикадагы санариптик технологиялар» темасы алдында Бирдиктүү презентациялык күн өтөт.
Иш чаранын негизги максаты инновациялык идеялар, даяр өндүрүш жана энергетика тармагындагы технологиялар менен таанышып, аны компаниянын объектеринде ишке киргизүү.
Бул иш чарага энергетика багытында электр жабдыктарды өндүрүүчүлөр жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү катышат.
Өткөн жылы биринчи жолу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Бирдиктүү презентациялык күн иш чарасын өткөргөн ага - Siemens, General Electric, Уралэлектротяжмаш, «Изолятор» заводу, Таврида Электрик, СВЭЛ, SDEE, жана релелик коргоо жана автоматика, диагностикалык жабдыктарды, программалык камсыз кылуучу - «Экра», OMICRON Electronics, «Прософт-Системы», НТЦ «Механотроника», SATEC, НПК «Энергосоюз», НПП «Динамика» жана башкалар катышкан.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Презентациялык күнүнө катышуу шарттары бул жакта.
Поделиться в социальных сетях