18.04.2019 Промышленная көмөк чордонунун III кезектеги курулушу аяктады (фоторепортаж)
110/35/6 кВ Промышленная көмөк чордону Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы өнөр жай аймагында Исакеев көчөсүндө жайгашкан. Бул көмөк чордон борбордун чыгыш тарабындагы өнөр жай аймагын жана жакын жайгашкан – Тунгуч, Учкун кичи райондорун, Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарын, Кара-Жыгач конушун жана Чүй областынын Аламүдүн районунун бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздайт.
Промышленная көмөк чордону 1969-жылы ишке киргизилген, ал эми II кезеги 1971 - жылы ишке берилген.
2018-жылы капиталдык курулуш мерчемине ылайык компаниянын жеке каражатына керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, КРУН-6 кВ 42 даана чөнөк жаңы заманбап кубаттуулугу жогору болгон жабдууларга алмаштыруу иштери жыйынтыкталган. Өндүрүш жумуштарды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Чүй филиалынын персоналы ишке ашырды.
Быйыл көмөк чордондо реконструкциялоо иштери улантылууда. Учурда көмөк чордондун III кезеги күч трансформаторлору Т-3 кубаттуулугу 25 МВА, КРУН-10 кВ (Сырттан себил бөлүштүрүүчү түзмөгү), агынды чектөөчү 6 кВ реакторлор, күч жабдыктары 110/35 кВ жана башка заманбап жабдуулар менен ишке берилди.
Энергетикалык объектеги жаңы жабдуулар Бишкек шаарынын чыгыш тарабындагы өнөр жай аймагынын ири керектөөчүлөрүн жана жеке абоненттерин электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Промышленная көмөк чордонуна уюштурулган пресс-турдан фоторепортаж.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта