06.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери ишембиликтерге чыгышууда (фоторепортаж)
2019-жылдын 4-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жана филиалдардагы жумушчулар кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бул жумада борбордук аппараттын кызматкерлери административдик имараттын тегерек четин иретке келтирди.
Компаниянын филиалдарында административдик имараттардын, көмөк чордондордун, электр энергиясын берүүчү чубалгылардын тегерек-четтери тазаланды, жашылдандырылып, бак-дарактар отургузулду.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты активдүү колдоодо.
Поделиться в социальных сетях