07.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана ооруктун катышуучуларын Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады
Улуу Жеңиш майрамы алдында ардагерлер өз дарегине куттуктоолорду кабыл алууда. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери да четте калбай ардагерлерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Ардагерлерди майрам алдында куттуктоо, компанияда салтка айланып калган. Жыл сайын компаниянын кызматкерлери аларды куттуктап, материалдык жардам көрсөтүп келет.
Улуу Жеңиш күнүнөн 74 жыл өтсө да, ал дайым биздин эсибизде калат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК бардык согуштун ардагерлерин, ооруктун катышуучуларын куттуктап чын ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайт.
Поделиться в социальных сетях