14.05.2019 Энергетиктер мектеп окуучуларын энергия коопсуздугуна жана электр энергияны үнөмдөөгө үйрөтүүдө
«Электр станциялары» жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААК "Биргеликте жарыкта - Кыргызстан" долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы №27 орто мектебинде башталгыч класстардын балдарына оюн түрүндө уюштурулган ачык сабак өтүштү.
Ачык сабактын жүрүшүндө балдарга адистер энергия коопсуздугу жана турмуш тиричиликте электр энергияны үнөмдөөнүн жолдору тууралуу айтып беришти. Окуучулар жана мугалимдер бул сабакта жаңы нерселерди өздөштүргөндүгүн айтышып аны турмуш тиричиликте кеңири пайдалана тургандыгын баса белгилешти.
Мындай иш-чаралардын башкы максаты – жаңы өсүп келе жаткан муунга электр энергияны үнөмдүү пайдалануунун жашоо түрүн үйрөтүү.
Поделиться в социальных сетях