16.05.2019 Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө ошондой эле Ысык-Көл областынын курорттук аймагын электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүгүн жогорулатууда
Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында капиталдык жана утурумдук оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Ысык-Көл филиалы 32 жогорку чыңалуудагы көмөкчордондорду жана 1 281 км аба чубалгысын (АЧ) тейлейт.
Иш планын бекитүүдө, утурумдук оңдоо иштерин баштоодо компаниянын изоляция борбордук кызматынын тепловизердик аныктоосуна чоң көңүл бурулат. Анын жүрүшүндө жабдыктардагы авариялык жана башталып келе жаткан деффектер аныкталат, мындай иш чаралар жабдуулардын ири бузулууларын алдын алат. Бул метод актуалдуу жана жумушта дайыма пайдаланылат.
Күз кыз 2019-2020 жылдарга даярдык көрүү максатында 2019-жылдын 4 айында Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын 8 көмөк чордонунда: 110 кВ – Тогуз-Булак, Сары-Камыш, Чолпон-Ата, Түп, Жети-Өгүз, Пионерская, 220 кВ – Ысык-Көл, жана Тамга көмөк чордонунда иштер аткарылды.
Узундугу 316,9 км болгон 110/220 кВ аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү: 220 кВ Балыкчы-Тамга, 110 кВ Пржевальск-Тамга, 110 кВ Ак-Шыйрак-Энилчек жана 110 кВ Тамга-Кумтор АЧ.
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Энергетика секторун өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 110 кВ эски майлуу күч өчүргүчтөр жаны элегаздык өчүргүчтөргө – 220/110/10 кВ Ысык-Көл, 110/6/10 кВ «Каджи-Сай», 220/110/10 кВ «Тамга», 110/10 кВ «Күн-Батыш» көмөк чордондорунда алмаштырылды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өз каражатына 110/10 кВ Долинка көмөк чордонунда 6,3 МВА кубаттуулуктагы күч трансформаторун 16 МВА трансформаторго алмаштырылды. Ал Ысык-Көл областынын курорттук зонасын электр-энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
2019-жылдын аягына чейин капиталдык курулуш планына ылайык 110/35/10/6 кВ Пржевальск көмөк чордонунда КРУН-10 кВ, күч трансформаторлору, 110/35/10 кВ Бостери көмөк чордонунда КРУН-10 кВ алмаштырылат. Ошондой эле 110/10 кВ Ананьево көмөк чордонунда аккумулятордук батареялар алмаштырылат.
Келерки күз-кыш мезгилине карата имараттар, чарбалык кампалар оңдолуп, автотранспорт да кароодон өткөрүлөт.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта