20.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кызматкерлери ишембиликтерге чыгышууда
2019-жылдын 18-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жана филиалдардагы жумушчулар кезектеги ишембиликке чыгышты.
Бул жумада борбордук аппараттын кызматкерлери Орозбеков көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин жээгинде жайгашкан бактарды актап чыгышты.
Компаниянын филиалдарында административдик имараттардын, көмөк чордондордун, электр энергиясын берүүчү чубалгылардын тегерек-четтери тазаланды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыкты активдүү колдоодо.
Поделиться в социальных сетях