20.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Чүй филиалы Жал жана ага жакын жайгашкан конуштарды электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүгүн жогорулатууда
Бүгүнкү күндө, 110/10 кВ Айни көмөк чордонунда модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул көмөк чордон Жал, Арча-Бешик калктуу конушунун бир бөлүгүн, республикалык балдар клиникалык ооруканасын, Кыргыз-түрк Манас университетин, АКШ элчилигин жана жумушчулар шаарчасын (рабочий городок) электр энергиясы менен камсыздайт.
Энергообъекте КРУН-10 (Сырттан себил бөлүштүрүүчү түзмөгү – электр энергияны кабыл алуучу жана бөлүштүрүүчү электр жабдыгы) алмаштырылууда, бардыгы болуп 44 чөнөк. Бул жабдыктар 31 жыл мурун орнотулуп, жалпы жонунан эскилиги жеткен.
Мындан тышкары, Айни көмөк чордонунда бир фазалык туташуудан жердетүү орнотулат. Ал көмөк чордондун ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Бардык жумуштар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын жеке каражатына жана ишкананын жумушчуларынын күчү менен аткарылууда.
Поделиться в социальных сетях