03.06.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» фестивалынын алкагында «Электр энергияны үнөмдөө - балдардын көзү менен» сүрөттөрдүн сынагы өттү
31-май күнү Балдарды коргоо эл аралык майрамынын алдында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» фестивалынын алкагында «Электр энергияны үнөмдөө - балдардын көзү менен» сүрөттөрдүн сынагын өткөрдү.
Сынактын катышуучулары ар түрдүү өңдөгү борлор менен асфальт үстүндө электр энергияны үнөмдөө, жаратылышка аяр мамиле жасоо маданияты жана энергоэффективдүү технологиялар тууралуу эмне билишсе ошол нерселерди тартышты.
Сынактын жыйынтыгында анын катышуучуларынын баарына уюштуруучулар баалуу белектерди таратышты.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр энергиясын үнөмдөө жана энергетикалык эффективдүүлүк маселелерин колдогон «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан!» фестивалына жигердүү катышууда.
Буга чейин Ачык эшиктер күнү, жогороку класстын окуучулары менен энергетиктердин жолугушуулары, мектептердин кенже класстарынын окуучулары жана бала-бакчадагы жогорку тайпадагы балдар үчүн электр энергияны үнөмдөө жана энергоэффективдүүлүк боюнча ачык сабактар уюштурулган.
Поделиться в социальных сетях