31.05.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК ачык эшиктер күнүн өткөрдү
2019-жылдын 30-майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин жана «Биргеликте жарыкта - Кыргызстан» эл аралык фестивалынын алкагында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин, И.Раззаков атындагы КМТУ жана ушул эле университеттин алдындагы политехникалык колледждин студенттери үчүн ачык эшик күндөрү өттү.
Компаниянын башкы директору Медетбек Айткулов өз сөзүндө студенттерди жакшы окуганга чакырып, келечекте мыкты адис болууга умтулушу керектигин айтты.
«Учурда силер окуу жайда теориялык билим алып жатасыңар. Алган билимиңерди бул жакта практикалык жактан бекемдеп республиканын энергетикалык тутуму кандай иштеп жаткандыгын көрө аласыңар», - деди М.Айткулов.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге компаниянын иши тууралуу видео-ролик көрсөтүлдү. Мындан тышкары «Обочолотуу кызматында электр жабдыктардын абалын аныктоо», «Электр энергиясын үнөмдөө жана энергетикалык эффективдүүлүк» долбоорлору сунушталды. Ошондой эле студенттер заманбап электр жабдыктары менен таанышып чыгышты.
Катышуучуларга адистер Кыргыз Республикасынын энергетикасынын тарыхы жана «Биргеликте жарыкта» фестивалы тууралуу айтып беришти. Студенттер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Диспетчердик пункту менен таанышышты, бул жакта Кыргызстандын энергетикалык тутуму башкарылат. Ошондой эле компаниянын Чүй филиалындагы «Кызыл Аскер көмөк чордонунда, Бишкек шаарынын ЖЭБнде болушту.
Мындай иш-чара компанияныны бардык филиалдарында уюштурулган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта