17.06.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери жогорку чыңалуудагы 500 кВ «Токтогул ГЭС - Фрунзенская» (Ч-509) электр өткөрүү чубалгыларын кышкы жүктөмдөргө даярдоодо (фото)
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жогорку чыңалуудагы стратегиялык 500 кВ «Токтогул ГЭС - Фрунзенская» (Ч-509) электр өткөрүү чубалгысында планга ылайык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Ал жакта Жалал-Абад, Талас жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын энергетиктеринен турган жети топ иш алып барууда. Обочолоткучтар, чынжырлуу арматура алмаштырылып, тиймектик байланыштар текшерилүүдө, ошондой эле электр берүүчү чубалгысында атайын жабдык менен дефекттер аныкталып оңдолууда.
Аткарылып жаткан иштердин башкы максаты 2019-2020-жыл күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү, жабдыктардын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.
500 кВ «Токтогул ГЭС – Фрунзенская» (Ч-509) электр өткөрүүчү чубалгысы тууралуу маалымат.
Жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү чубалгысынын курулуш иштери 1975-жылы башталып 1979-жылы аяктаган.
Токтогул ГЭСтен иштелип чыккан электр энергияны 500 кВ (Ч-509) жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү чубалгысы аркылуу Чүй жана Талас областтары электр энергия менен камсыздалат.
Жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү чубалгы тоолуу аймактан, ашуулардан өтөт, анын бир тилкеси Кум-Бел ашуусу аркылуу өтүп, ал деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан.
Поделиться в социальных сетях