02.07.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери жогорку чыңалуудагы 500 кВ Токтогул ГЭС–Фрунзенская аба чубалгысынын трассасында жардыруу иштерин жүргүзүүдө
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жогорку чыңалуудагы 500 кВ Токтогул ГЭС - Фрунзенская аба чубалгысынын Кочкор-Дөбө ашуусу аркылуу өткөн участогунда аба чубалгысына жакын жайгашкан аскалуу тоо тектерин атайын топтун жардамы менен жардыруу иштерин жүргүздү.
Акыркы жылдары бул жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү чубалгыларында бир нече жолу авариялык өчүү болгон. Чубалгыларга кар жабышып анын салмагынын оорлошунан улам, кермаранын орточенине жакынкы аскага мүмкүн болбогон аралыкка жакындаган жана чоюлган. Кермаранын узундугу ушул участокто 1,2 км. түзөт.
Атайын жүргүзүлгөн жардыруу иштери аяктаган соң, жардырылган тоо тектери техниканын жардамы менен жыйналган. Жыйынтыгында аба чубалгысы менен жердин ортосундагы аралык алыстап тоо тектеринин кыркаларына аба чубалгылардын тийүү коркунучу, ушул сыяктуу өчүүлөрдүн ыктымалдыгы иш жүзүндө жоюлду.
Поделиться в социальных сетях