04.07.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК стратегиялык жогорку чыңалуудагы 500 кВ «Токтогул ГЭС–Фрунзенская» аба чубалгысында планга ылайык оңдоо иштерин жүргүзүүдө
Жалал-Абад, Талас жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жети жумушчу тобу обочолоткучтарды, тизмек чынжырларды, бириктирилген тиймектерди алмаштырышууда. Ошондой эле диагностикалык жабдыктар менен жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталган деффектер оңдолууда.
Негизги максат, 2019-2020-жылдар күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү, керектөөчүлөдү электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүккө учуратпоо, анын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу.
Поделиться в социальных сетях