23.07.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалы энергетикалык объекттерди алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоодо
Бүгүнкү күндө, мерчемге ылайык Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан 110 кВ Пржевальская көмөк чордонунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Көмөк чордондо 10 кВ ССБТ - сырттан себил бөлүштүрүүчү түзмөгүнүн биринчи бөлүгү алмаштырылууда, ал керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен камсыздалышынын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Ошондой эле, 20 МВА агын трансформатору 25 МВА трансформаторуна алмаштырылат. Куроо иштер «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын жумушчуларынын жеке күчү менен ишке ашырылууда.
Ошондой эле, статикалык конденсаторлук батареяларды орнотуу үчүн атайын орундар даярдалууда.
Мындан тышкары, Ысык-Көл филиалынын көмөк чордондорунда эскилиги жеткен 110 кВ МКП-100 тибиндеги майлуу өчүргүчтөр заманбап элегаздык өчүргүчтөргө алмаштырылууда.
Негизги иштерден тышкары, 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында имараттар, атайын техника, унаалар оңдолууда. Ошондой эле энергетикалык объекттерди жаратылыш кырсыктарынан, суу ташкындарынан, селден коргоо максатында иштер жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы Ысык-Көл облустунун Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда жана Каракол, Балыкчы шаарларында жайгашкан 110-220 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорду жана электр чубалгыларын тейлейт. Ишкананын балансында кубаттуулугу 1032,2 МВА болгон 32 көмөк чордон жана узундугу 1003,4 км болгон аба чубалгылары бар.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта