15.08.2019 Ысык-Көлдө эл аралык электрэнергияны үнөмдөө боюнча «Биргеликте жарыкта» фестивалынын тематикалык нөөмөтү өтүүдө
2019-жылдын 15-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында «Жетиген» балдар лагеринин базасында #Биргеликте жарыкта пилоттук негизде энергетикалык нөөмөт өтүүдө.
Иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун өнүгүү Программасынын кызматташтыгы менен «Жетиген» Эл аралык балдар лагери, Россия Федерациясынын «Ишенимдүү нөөмөт», Биом экологиялык кыймылы жана республикадагы энергетикалык компаниялар менен бирдикте өтүүдө.
9 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык балдар үчүн 10 күн аралыгында, климаттын өзгөрүүсү, электрэнергияны үнөмдөө, экологиялык жана энергетикалык коопсуздук боюнча интерактивдик, практикалык сабактар, сынактар, квест, жана мастер-класстар өтөт.
Иш чаранын бардык катышуучулары үчүн белектер, ал эми беш активдүү катышуучу үчүн бүткүл россиялык «Смена»(Россия) балдар борборундагы «Жаш энергетиктин мектебине» жолдомо тапшырылат, ал 2019-жылдын 20-октябрынан 2-ноябрга чейин өтөт.
«Фестиваль Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитети, КР билим берүү жана илим министрлиги, республиканын энергетикалык компанияларынын колдоосу менен ар кыл иш чаралар өтүүдө. Электрэнергияны үнөмдүү пайдалануу жашоо образы, мектептерде ачык сабактар, дил баян сынактары, тематикалык сабактар өткөрүлүүдө. Кыргызстан быйыл эстафетаны кабыл алуу менен Ысык-Көл жээгинде мыкты лагерди уюштуруп, анын катышуучулары планетаны сактап калуу боюнча көптөгөн тажырыйба, билим алат деген ойдомун»,-деди КР Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин статс-катчысы Айбек Акмолдоев.
23-августа #БиргеликтеЖарыкта аттуу фестиваль өтөт, негизги максаты электрэнергияны үнөмдөө жашоо образын жайылтуу, өсүп келе жаткан муунга экологиялык маданият, электрэнергияны үнөмдөөдө заманбап технологияларды киргизүү.
Атайын даярдалган фотозоналарда балдар энергетиктердин кийимин кийип сүрөткө түшө алышат. Ошондой эле энергетик кесибине кызыккандар үчүн көмөкчордонго экскурсия уюштурулат.
«Тематикалык нөөмөт Россия Федерациясында дайым өткөрүлүп турат. Ага Кыргызстанда окуучулар арасында уюштурулган республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү катышышты. Биз алардын тажрыйбасын алып, бул нөөмөттүн жүрүшүндө беш активдүү катышуучусун тандап, аларга Россияда 20-октябрдан 2-ноябрга чейин өтө турган «Жаш энергетиктин мектеби» билим берүү нөөмөтүнө жолдомо беребиз»- деди ПРООН кеңешчиси Кумар Кылычев.
Энергетикалык нөөмөттүн уюштуруучулары Кыргызстанда мындай иш чара биринчи ирет өтүп жатканын, пилоттук долбоор катары Россиянын тажрыйбасын алгандыгын, мындай иш чара дагы башка лагерлерде уюштуруу планы бар экендигин билдиришти.
Пилоттук #БиргеликтеЖарыкта энергетикалык фестивалы «Энергоэффективдүүлүктү Евразиялык экономикалык бирикмеси стандарттар жана нормативдик жөнгө салуу» жана Жетиген эл аралык лагеринин жана ата-энелердин колдоосу менен өтүүдө.
Билдирме: «Биргеликте жарыкта» эл аралык фестивалы Россия Федерациясында 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2018-жылы фестиваль эл аралык деңгээлге чыгып Казакстанда , Армения жана 2019-жылы Кыргызстанга эстафета берилген.
Жыл башынан бери, фестивалдын алкагында тематикалык сабактар, энергетиктер менен студенттердин жолугушуулары,энергетикалык компанияларда ачык эшиктер күнү, эл аралык конференциялар өтүп, Кыргызстан тургундарын энергетикалык сарамжалдуулукка көңүлүн бурган.
Фестивалдын социалдык тармактардагы хэштеги #ВместеЯрче, #ВместеЯрчеКыргызстан.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта