23.08.2019 #Биргеликте жарыкта энергетикалык нөөмөтүнүн катышуучулары «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көлдөгү объектинде болушту
Ысык-Көл областындагы Жетиген лагериндеги #Биргеликте жарыкта нөөмөтүнүн катышуучулары үчүн «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери Бостери көмөк чордонуна экскурсия уюштурушту.
«Экскурсия үчүн биз физика илимине жана энергетика кесибине кызыкдар болгон балдарды тандап алдык», - деди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Элзада Саргашкаева.
Экскурсия алдында энергетиктер анын катышуучулары үчүн энергетикалык объекте өзүн кантип алып жүрүү керек экендиги, коопсуздукту сактоо тууралуу инструктаж өтүштү.
Ошондой эле, алар энергетика кесибиндеги адистердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат алышты.
«Балдардын көбү электрэнергиясы кайдан, кантип алынаарын, үйлөргө кандай жол менен жеткирилери тууралуу маалыматы да жок. Мындай иш чаралардан соң алар электрэнергия кандай мээнет менен үйлөрүбүзгө жеткендиги тууралуу маалым болуп, энергетиктердин эмгегин баалап, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле жасай башташат», - деди «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын көмөк чордон кызматынын жетекчиси Болот Шадыканов.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, мындай иш чаралардын жыйынтыгында балдар электртравматизм, энергетикалык объктердин жанында ойноого болбой тургандыгы тууралуу маалым болушат. Мындан тышкары, электрэнергияга аяр мамиле жасаганды үйрөнүшөт.
Билдирме: «Биргеликте жарыкта» эл аралык фестивалы Россия Федерациясында 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2018-жылы фестиваль эл аралык деңгээлге чыгып Казакстанда , Армения жана 2019-жылы Кыргызстанга эстафета берилген.
Кыргызстанда ПРООН улуттук өнөктөштөр менен энергетикалык нөөмөттү өткөрүүдө. Жыл башынан бери, фестивалдын алкагында тематикалык сабактар, энергетиктер менен студенттердин жолугушуулары, энергетикалык компанияларда ачык эшиктер күнү, эл аралык конференциялар өтүп, Кыргызстан тургундарын энергетикалык сарамжалдуулукка көңүлүн бурган.
Фестивалдын социалдык тармактардагы хэштеги #ВместеЯрче, #ВместеЯрчеКыргызстан.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта