02.09.19 "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКда башкы директордун биринчи орун басары жана орун басары дайындалды.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечимине ылайык, 2019-жылдын 29-августунан баштап "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары болуп Рысбеков Алтынбек Дурусбекович дайындалды, ал буга чейин башкы директордун орун басары болгон. Анын ордуна мурда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын Чүй филиалынын директорунун орун басарынын кызмат ордун ээлеген Абдылдабеков Нурбек Абдылбекович башкы директордун орун басары болуп дайындалды.
Резюме Рысбеков А.Д.
Резюме Абдылдабеков Н.А.
Эскерте кетсек, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому – электр станциялар менен иштелип чыккан электр энергияны жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу Республиканын бүткүл аймагы боюнча бөлүштүрүүчү компанияларга жана ири керектөөчүлөргө жеткирүүчү энергетикалык компания болуп саналат. Ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому Кыргызстандын энергетика тутумунун борбордук ыкчам-диспетчердик башкаруусун жүргүзгөн тутумдук оператору болуп саналат.
«Кыргызэнерго» АК кайрадан уюштурулуп 2001-жылдын 25-декабрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому түзүлгөн.
Поделиться в социальных сетях