13.09.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын энергетиктери 2019-жылдын сегиз айында 98 көмөк чордондо жана 145,5 км аба чубалгысында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүштү
2019-жылдын сегиз айында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча энергетикалык объектерде капиталдык жана кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Бул убакыт аралыгында 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы 98 көмөк чордондо жана узундугу 145,5 км болгон аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери жасалды. Ал эми компаниянын 172 көмөк чордонунда адистер кезектеги оңдоо иштерин жүргүзүп, 92 трансформатор кезектеги оңдоодон өттү. Компаниянын адистери 5070,0 км узундуктагы 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылдарында техникалык тейлөө жүргүзүштү.
Негизги иштерден тышкары, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында имараттарды, атайын техникаларды, унааларды капиталдык жана кезектеги оңдодон өткөрдү.
Ошондой эле энергетикалык объекттерди жаратылыш кырсыктарынан, суу ташкындарынан, селден коргоо максатында атайын иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары энергетикалык объктерге бара турган жолдор оңдолууда.
Капиталдык жана кезектеги оңдоо иштери подряддык мекемелер жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистеринин жеке күчү менен ишке ашырылды.
Поделиться в социальных сетях