30.09.2019 Фоторепортаж. 2019-жылдын 28-сентябрында Бишкекте Кыргызстандын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесине арналып футбол боюнча турнир өттү
2019-жылдын 28-сентябрында Бишкекте Кыргызстандын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесине арналган футбол боюнча турнир өттү.
Ага энергетикалык компаниялардан 10 команда катышты – Улуттук энергохолдинг, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК, «Электр станциялар» ААК, «Кыргыз энергетикалык эсеп борбору» ААК, «Бишкекжылуулуктармагы» ААК, «Түндүкэлектр» ААК, «Чыгышэлектр» ААК, «Жалалабатэлектр» ААК, «Ошэлектр» ААК жана «ЧаканГЭС».
Турнирди ачып жатып Улуттук энергохолдингдин төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов анын катышуучуларын Кыргыз энергетикалык тутумунун 85 жылдык мааракеси менен куттуктап, командаларга ийгилик каалап өттү.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча I-орунду «Түндүкэлектр» ААК, II орунду «Жалалабатэлектр» ААК жана III орунду «Электр станциялар» ААК ээледи.
Билдирме: Кыргызстандын электр тармактарынын тарыхы республиканын энергетикалык өнүгүүсү менен байланыштуу. 1934-жылы Киробкомдун Бюросу Фрунзе шаардык тармактарын 6,6 кВт чыңалууга өткөрүү жана диспетчердик кызматты түзүү боюнча токтом кабыл алган. Ушул дата республиканын энерготутумунун түзүлгөн күнү болуп калган.
2019-жылы КР энергетикалык тутуму 85-жылдык мааракесин белгилейт.
Поделиться в социальных сетях