21.09.2019 «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясына «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кызматкерлери активдүү катышышты
Бүгүн 2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзүндө «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясы өтүүдө. Ага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК кызматкерлери активдүү катышышты.
Акциянын алкагында өткөн ишембиликке компаниянын борбордук аппараты менен бирге облустарда жайгашкан ишканалардын жумушчулары да чыгышты.
Акциянын жүрүшүндө кызматкерлер административдик имараттардын, көмөк чордондордун, жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын тегерек четтерин тазалашты.
Ал эми борбордук аппараттын жетекчилиги менен кызматкерлери Бишкек шаарындагы чон Чүй каналынын жээгин Тоголок Молдо көчөсү менен Жаштар Бульвары тилкесин тазалашты.
Иш чараны уюштуруучулардын маалыматы боюнча, акциянын башкы максаты өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан экологиялык абалга коомчулуктун көңүлүн буруу. Бүгүнкү иш чарага бир эле маалда дүйнөдөгү 150 мамлекет катышты.
Поделиться в социальных сетях