Урматтуу кыргызстандыктар!
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК сиздерди 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!
Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстан келечектеги өнүгүүнүн багыттарын туура аныктап, болочок муун үчүн бекем негиз түзүп, азыркы дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат.
Кыргызстандын тарыхы – биз сыймыктана турган, улуу тарых.
Жаркын келечек үчүн жанын берген ата-бабаларыбызга баш ийип таазим этебиз.
Сиздерге тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!
Жаңырган ар бир күн Сиздерге жакшылык жана жылуулук тартууласын!
Поделиться в социальных сетях