18.11.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын уюштуруусунда Кыргызстанда студенттер арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионат өттү
Кыргызстанда студенттер арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча республикалык чемпионат өтүүдө. Иш чараны «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети уюштурууда.
Чемпионаттын тандоо туру ушул жылдын 14-ноябрында он-лайн режимде өткөн. Ага республикадагы жогорку окуу жайлардан алты команда катышкан – И.Раззаков атындагы КМТУ – ЭЛЭН, High Voltage Club жана AC/DC, Б. Ельцин атындагы Кыргыз Россия Славян университеттен ARDOR, Нааматов атындагы Нарын университетинен – TESLA командалары катышты. КМТУнун Кара-Көлдөгү филиалынын намысын БЭМС командасы коргоду.
Чемпионаттын негизги максаты жогорку окуу жайлардын студенттери менен республикадагы энергетикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн бир аянтчада жолугушуусу. Чыныгы өндүрүштө кезиге турган тапшырмаларды аткаруу, теорияны практика жүзүндө бекитүү. Анын жүрүшүндө командалар «Энергия Ала-Тоо» кейсин чыгарышты.
Чемпионаттын КМТУ тарабынан уюштуруучулары тапшырмалардын кейсин иштеп чыгууда максималдык түрдө чындыкка жакындаштырууда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистери көмөк көрсөтүшкөндүгүн билдиришти.
Катуу таймашта ARDOR, TESLA, ЭЛЭН, High Voltage Club жана AC/DC командалары финалга чыгышты.
Чемпионаттын финалдык туру 2019-жылдын 18-19-декабрында өтөт.
Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстанда техникалык факультеттин студенттери арасында инженердик тапшырмаларды аткаруу боюнча чемпионат экинчи ирет өткөрүлүүдө. Биринчи иш чара 2018-жылы өткөн.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта