19.11.2019 Кыргызстандын энергетикалык тутумуна 85 жыл - тарых, өнүгүшү жана келечеги!
Республиканыны энергетикалык тутумунуну 85 жылдык мааракесине карата Давыдов атындагы Ала-Арча көмөк чордонунда Кыргызстандын энергетик ардагерлери өлкөнүн энергетика тармагынын өнүгүшү боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.
Давыдов атындагы Ала-Арча көмөк чордону 2000-жылы ишке киргизилип, Бишкек энергетикалык түйүнүнүн түштүк-батыш аймагындагы объектерди электр энергиясы менен камсыздай алды.
Учурда максималдуу жүктөм убагында көмөк чордон аркылуу 300-500 МВт кубаттуулуктагы электрэнергиясы берилип, Бишкек энергетикалык түйүнүнүн көректөөсүнүн 30 пайыздан ашыгын камсыздайт.
«Өз убагында бул көмөк чордонду ишке киргизип калганыбызга кубанып турамын, ал өтө ишенимдүү объект. Ал Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт. Белгилей кетүүчү нерсе Ала-Арча көмөк чордону Чүй менен Бишкек шаары үчүн маанилүү, анын кубаттуулугунун резервин керектөөнүн жогорулашы менен бирге дагы көбөйтүүгө болот», - деди КР энергетикасынын ардагери, КМШ эмгек синирген энергетиги Иляс Давыдов.
Бүгүнкү күндө республиканын энергетика тармагында 16 350 адам эмгектенет. Кыргызстандын аймагында 16 чон жана майда гидроэлектростанциялар, Бишкек менен Ошто 2 жылуулукэлектрборбору иштейт. Электр чубалгылардын узундугу 64 700 км түзөт, жылуулук тармагы 490 км ашык. Акыркы жылдары жаны энергетикалык обьектерди куруу, реконструкциялоо багытында эбегейсиз иштер аткарылууда.
Азия өнүктүрүү банкы жана Евразиялык банкы тарабынана Токтогул ГЭС ири масштабта иштер аткарылууда анын кубаттуулугу 240 мегаваттка жогорулап аны иштетүү мөөнөтү 40 жылга узартылды. Эксперттер электрэнергиясына болгон суроо талап жогорулаган учурда, кубаттуулукту жогорулатуу маанилүү экендигин билдиришүүдө.
«85 жыл – оорчундуу, албетте Кыргызстандын энергетикасына көбүрөөк маани буруп, колубуздагы байлыкты көбөйтүп, аяр мамиле жасообуз керек. Бардык энергетиктерге жоопкерчиликтүү, сак болууга чакырамын, себеп биздин ары жооптуу, ары татаал ишибизден башка тармактардын иши көз каранды», - деди КР энергетик ардагерлеринин Кенешинин жетекчиси Болот Иманалиев.
Билдирме: 2019-жылы Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутуму 85-жылдык мааракесин белгиледи.
Туура 85 жыл мурун, 1934 жылы Кыробкомдун ВКП бюросу Фрунзе шаардык тармактарын 6 кВ чыңалууга өткөрүү, диспетчердик кызматты жана Фрунзе энерготутумун-трест ФОГЭС башкаруу боюнча органды түзүү тууралуу токтомду кабыл алган.
Ушул документти кабыл алган күндөн баштап Кыргызстандын энерготутумунун өнүгүү тарыхы башталган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта