19.11.2019 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин алкагында спорттук иш чаралар өттү
2019-жылдын 14-15-ноябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутумунун 85-жылдык мааракесинин алкагында – мини-футбол, тогуз-коргоол, шахмат жана стол тенниси боюнча спорттук иш чара өттү.
Иш чарага компаниянын борбордук аппаратынын, филиалдарынын жана энергетик ветерандардын командалары катышты. Анда катышуучулар жогорку чеберчиликти көрсөтүштү.
Мини-футбол боюнча Чүй филиалынын командасы чемпион аталды. Экинчи орунга Нарын филиалы татыса, үчүнчү орунга Жалал-Абад филиалынын командасы чыкты.
Номинациялар боюнча мыкты деп табылды: Садыров А.А. (дарбазачы, борбордук аппараттан), Асанов А.Р. (коргоочу, Ош филиалы), Мамбетов А. (чабуулчу, Ысык-Көл филиалы).
Волейбол боюнча жениш Чүй филиалында болду, экинчи орунда Ош, кийинки орунду Нарын филиалы алды. Мыкты коргоочу (либеро) наамын Эшимбеков Э. (Талас филиалы), мыкты чабуулчу – Медербек уулу Марат (Ош филиалы) жана Майрамбек уулу Бактыбек (Чүй филиалынан) мыкты оюнчу деп табылды.
Тогуз коргоол оюнунда Нурматов Б. (Талас филиалы) женүүчү биринчи орун, экинчи орунда Чойбеков Т.Т. (Чүй филиалы), үчүнчү орунду Мамытов Б. (борборддук аппарат) алды.
Шахмат боюнча беттешүүдө Иманалиев Ч. (Чүй филиалы) женүүчү деп табылса, экинчи орунда Керкибашов Э.М. (Жалал-Абад филиалы) жана Ашыров А. (Ош филиалы).
Акыркы мүнөттөргө чейин стол тенниси оюнунда чыналуу сакталып, Керкибашов Э.М. (Жалал-Абад филиалы) чемпион аталды, экинчи орунда Юнусов Э.Т (Чүй филиалы) жана үчүнчү орунда Арапбаев К.А. (Ош филиалы).
Женүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы командалык женишке жеткен Чүй филиалына «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кубогу берилди.
Билдирме: 2019-жылы Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутуму 85-жылдык мааракесин белгиледи.
Туура 85 жыл мурун, 1934 жылы Кыробкомдун ВКП бюросу Фрунзе шаардык тармактарын 6 кВ чыңалууга өткөрүү, диспетчердик кызматты жана Фрунзе энерготутумун-трест ФОГЭС башкаруу боюнча органды түзүү тууралуу токтомду кабыл алган.
Ушул документти кабыл алган күндөн баштап Кыргызстандын энерготутумунун өнүгүү тарыхы башталган.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта