25.03.2020 Улуттук энергохолдингдин жана анын туунду коомдорунун кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын коронавирус илдети менен күрөшүүгө которушту
Улуттук энергохолдингдин эмгек жамааты, жана ошондой эле тогуз туунду коомдордун – өлкөнүн энергетикалык компанияларынын кызматкерлери коронавирус илдети Кыргыз Республикасынын аймагында таралуусуна каршы күрөшкө колдон келишинче салым кошууга чечим кабыл алышты.
⠀
Тармактын кызматкерлери Республикалык штабдын, тармактык мамлекеттик органдардын, медициналык кызматкерлердин жана бардык жарандардын аракеттерин колдоп, коронавирус илдети менен күрөшүүнүн эсебине 7 383 миң сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акысын которушту.
⠀
Поделиться в социальных сетях