27.03.2020 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери Өзгөчө Абал мезгилинде керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында комплекстүү иш-чараларды кабыл алуу менен 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелине чейин күчөтүлгөн режимге өтөт
Өзгөчө кырдаалга карата ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, авариялык-оңдоолорго кам көрүлгөн жана электр энергиясы менен камсыз кылууда күтүлбөгөн учурларга карата авариялык бригадалар күчөтүлгөн.
Ушул күндөргө карата «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратынан жана бардык филиалдарынын жетекчилеринен, ошондой эле жооптуу адистеринен турган кезмет уюшулду.
Кыргызстандын бардык жарандарынан тынчтыкты сактап, Республикалык штабдын көрсөтмөлөрүн так аткарууну суранабыз.
Поделиться в социальных сетях