01.04.2020 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын администрациялык имаратында дезинфекциялоо боюнча иштер аткарылды
Коронавирустун алдын алуу учун «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын администрациялык имаратында дезинфекциялоо боюнча иштер аткарылды.
Санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери бардык бөлмөлөрдү, пайдалуу бөлмөлөрдү жана коридорлорду атайын каражат менен тазалап чыгышты.
Мындан тышкары, кызматкерлер күн сайын массалык пайдалануучу жерлерде дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүшөт. Кызматкерлер коргоочу маскаларда гана иштешет, антисептиктер орнотулган.
Компанияда коронавирустук инфекцияны алдын алуу боюнча иш-чараларды координациялоо үчүн оперативдүү штаб түзүлгөн, профилактикалык иш-чаралардын планы иштелип чыгууда.
Поделиться в социальных сетях