01.04.2020 "Кыргызстан утуттук электр тармагы" ААКы акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирет
«Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы Жарлыгынын 5-пунктунун 5-пунктчасынын, «Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарына өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндө» №56 Жарлыгынын жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын сунуштоосунун (2020-жылдын 24-мартындагы чыг. №9-1/508) негизинде, «Эркин-Тоо» гезитинин редакциясынын жана республикалык масштабдагы башка редакциялардын иштери, ошондой эле «Кыргызпочтасы» МИнин ишинин токтотулуп тургандыгына байланыштуу, өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы Жарлыгы менен Бишкекке киргизилген өзгөчө кырдаал бүткөнгө чейин, жана «Акционердик коомдор жөнүндө» КР Мыйзамынын акционерлердин жалпы чогулушун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-практикалык иштерин жүзөгө ашыру боюнча ченемдерин сактоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу «Кыргызстан утуттук электр тармагы» Директорлор кеӊеши 2020-жылдын 27-мартындагы «Кыргызстан утуттук электр тармагы» ААКнын акционерлеринин 2020-жылдын 28-апрелине белгиленген жылдык жалпы чогулушун чакыруу боюнча протоколдук №35 чечимин жокко чыгаруу тууралуу 2020-жылжын 30-мартында (COVID-19) таажы вирусунун жайылтылгандыгына байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга жана чектөөлөр алынганга чейин «Кыргызстан утуттук электр тармагы» ААКынын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушун өткөрүүдөн карманып туруу жөнүндөгү №36-чечимди кабыл алды.
Адамдардын топтошуп туруусунун алдын алуу максатында акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылгандыгын маалымат катары билдиребиз. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 31-мартында бекиткен антикризистик пландын алкагында кабыл алынды.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта