08.05.2020 "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине барышты
Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгына карата "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин үйүнө барып, келе жаткан майрам менен куттукташты.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын жетекчилиги менен профсоюзунун атынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетикасынын ардагерлеринин атынан аларга даректүү материалдык жардам, ошондой эле майрамдык азык-түлүк топтому тапшырылды.
Биздин урматтуу ардагерлерге ден-соолук, узун өмүр жана бакубатчылыкты каалайбыз!
Поделиться в социальных сетях