11.05.2020 Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган «Энергетики Кыргызстана – фронтовики и труженики тыла» аттуу китеби жарык көрдү
Басылманын түзүүчүсү-автору жана демилгечиси "Кыргыз Республикасынын энергетикалык Ардагерлер Кеңеши" коомдук бирикмеси. Китептеги материалдар жана уникалдуу сүрөттөр архивдерден алынып, энергетикалык компаниялардан жана ардагерлердин туугандарынан суралды.
Жеңиштин юбилейлик күнүнө карата согуш учурунда тагдыры кандайдыр бир жол менен энергетикага байланыштуу болгон 75 кыргызстандыктардын өмүр баяны табылганы өзүнчө символикалуу болуп калды. Алардын кээ бирлери өз жанын аябай электр энергетикалык объекттердеги ооруктарда эмгектенген, айрымдары жаңы кубаттуулуктагы генерациялоочу курулуштарды курууга катышкан, айрымдары алдыңкы фронттордо баатырдык менен салгылашкан, ал эми айрымдары болсо согуштан кийин дагы республикабыздын энергетика тармагынын калыптанышына жана өнүгүшүнө өз салымын кошушкан.
Китепти басып чыгарууга Кыргыз Республикасынын энергетикалык компаниялары көмөк көрсөтүштү. Тираж ардагерлердин туугандарына, энергетикалык компанияларга, адистештирилген университеттердин китепканаларына жана музейлерге өткөрүлүп берилет.
Поделиться в социальных сетях