10.07.2020 2020-жылдын 10-августунда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлөт
2020-жылдын 10-августунда саат 15.00дө Бишкек ш. Жибек Жолу к., 326 дареги боюнча акционерлердин жылдык жалпы жыйыны өткөрүлөрүн маалымдайт.
Өткөрүү формасы – ачык.
Күн тартибинде:
1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнундө.
2. Коомдун 2019-жылдагы финансы-чарбалык ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө Башкы дирекциянын отчёту жөнүндө.
3. 2019-жыл боюнча Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө.
4. 2019-жыл боюнча Коомдун Текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө.
5. Коомдун 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Башкы дирекциянын отчёту жөнүндө.
6. Жылдык баланс, Коомдун 2019-жылдагы кирешелери менен чыгашаларынын эсеби жөнүндө.
7. 2019-жыл боюнча Директорлор кенешинин отчёту жөнүндө.
8. 2020-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
9. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн укуктарын токтотуу жөнүндө.
10. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мучөлөрүн шайлоо жөнүндө.
Акционерлерди каттоонун башталышы – саат 14.00дөн 15.00гө чейин.
Акционерлердин тизмесин түзүү күнү – 2020-жылдын 10-июлу.
Жыйынга тиешелүү материалдар менен Коомдун өзүнөн Бишкек ш., Жибек Жолу, 326 дареги боюнча жана корпоративдик катчысынын Бишкек ш., Ахунбаев к., 119 дареги боюнча таанышууга болот.
Маалымат алуу телефону:
(0312) 98-88-22, кошумча 4445.
Поделиться в социальных сетях