17.07.2020 Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондорунун көмөк чордондорунда жана электр берүү чубалгыларында оңдоо иштери жүрүп жатат
Графикке ылайык 2020-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондорунун “Сары-Таш”, “Үч-Дөбө” 110 кВ көмөк чордондорунда жана “Сопу-Коргон-Сары-Таш” 110 кВ аба чубалгысында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын адистери оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Аталган оңдоо иштери алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында, жергиликтүү администрациялар менен макулдашуу боюнча жана "Ошэлектро" ААКтын макулдашылган графигине ылайык, туруктуу негизинде жылына эки жолу жүргүзүлүүдө.
Электр тармактары комплексин кышка даярдоо, эң чоң жүктөмдөрдүн учурунда шаарларды, айылдарды жана ишканаларды электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо - компаниянын маанилүү маселеси болуп саналат.
Поделиться в социальных сетях