27.08.2020 Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы күз-кыш мезгилине даярданууда
Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын адистери тарабынан алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн 2020-жылдын 7 айынын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:
Капиталдык курулуш боюнча аткарылган иштер:
“Манас”, “Бирдик” көмөк чордондорунда 110-35-10 кВ күчтүк жабдууларды алмаштыруу менен трансформаторлордун кубаттуулугу көбөйтүлдү. “Аламүдүн” көмөк чордонунда сырттан себил болүштүрүүчү түзмөктү (ССБТ) алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. “Молодогвардейская” көмөк чордонунда киргизме чөнөк орнотулду. 7 көмөк чордондо аккумулятордук батареялар алмаштырылды. Муну менен катар 7 көмөк чордондо 110 кВ аша чыңалууну чектегичтер (АЧЧ) алмаштырылды. Электр берүү чубалгыларында обочолоткучтарды алмаштыруу боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатат. Азыркы учурда иш жүзүндө 11681 обочолоткуч алмаштырылды б.а. 86,5%, ошондой эле “Ак-Суу-Сокулук” 110 кВ аба чубалгысында 17,2 км узундуктагы зым чоңураак кесилиштеги зымга алмаштырылууда. Өндүрүштүк имараттар, курулмалар жана унаа каражаттары да кыш мезгилинде иштөөгө даярдалып жаткандыгын белгилей кетүү керек.
Маалымат үчүн: Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы (ЧЖЧЭТИ) “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы болуп саналып, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Чүй, Кемин административдик райондорунун чек араларында жана Бишкек шаарында жайгашкан 110-500 кВ чыңалуудагы электр тармактарынын оңдоо, эксплуатациялоо жана ыкчам тейлөөнү ишке ашырат. ЧүйЖЧЭТИнин балансында 53 көмөк чордон жана 1742,5 км узундуктагы электр берүү чубалгылары бар.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта