28.08.2020 "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!
Кымбаттуу мекендештер! Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз.
Бул майрам баатырдыктын, туруктуулуктун, теңдешсиз эрдиктин жана биздин элдин рухунун улуулугун чагылдырган майрамга айланды.
Бүгүнкү күндө биздин эң башкы милдетибиз - өлкөнүн экономикалык жана социалдык дараметин сактоо жана жогорулатуу, мамлекеттин бүгүнкү жана эртеңки келечеги ар бирибиздин демилгебизден жана жоопкерчилигибизден көз каранды экендигин унутпайлы.
Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бардык жакшылыктарды каалайбыз!
Поделиться в социальных сетях