14.09.2020 "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушту
2020-жылдын 10-сентябрында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын салтанат залында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Эмил Куданалиевдин Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуусу болуп өттү.
Катышуучулар каза болгон кесиптештеринин К.М.Муканбетовдун, А.Б.Борбуевдин, Н.Т.Танаевдин, Э.С.Сабыровдун, Р.К.Валиахметовдун, Ю.И. Гидуляндын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтышып, алардын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Эмил Куданалиев энергетика тармагынын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүп, аларды Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы жана ГОЭЛРО планына кол коюлгандыгынын 100 жылдыгы менен, ошондой эле энергетика тармагынын бир нече ардагерлерин мааракелик даталары менен куттуктады: Иманалиев Б.И. (85 жаш), Исмаилов Б.И. (80 жаш), Алыкулов М.К. (75 жаш).
Ошондой эле компаниянын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө айтып берди.
«Пандемия оңдоо кампаниясына кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизди, буга карабастан, бүгүнкү күндө даярдык 85% дан ашты. Белгиленген мөөнөткө чейин бардык пландаштырылган иш-чараларды бүтүрүүнү пландап жатабыз. Биз сиздерди уят кылбайбыз, электр тармактар комплекси мурдакыдай ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштейт деп ишендирип кетебиз» - деп белгиледи ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагынын ардагерлер кеңеши Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган «Энергетики Кыргызстана – фронтовики и труженики тыла» деген аталыштагы китебин даярдоого, маалымат чогултууга жана басып чыгарууга салымын кошкондорго ыраазычылык каттарын тапшырышты. Баштапкы тираж 9-майдын алдында чыгарылып, ардагерлердин туугандарына, энергетикалык компанияларга, университеттердин китепканаларына жана музейлерге өткөрүлүп берилген.
Жолугушуунун соңунда ардагерлер “Главная” 220 кВ көмөк чордонуна барышып, жаңы жабдууларды карап чыгышты жана Кыргызстандын энергетикалык тутумун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө арнаган эмгек жылдарын эскеришти.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта