23.09.2020 Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин видео куттуктоосу
Бүгүн, 23-сентябрда, Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. 1989-жылы, ушул күнү, Кыргыз ССРинин Жогорку кеңеши бир добуштан “Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн символу, биримдиктин жана ынтымактын негизи, биздин байлыгыбыз жана сыймыгыбыз. Мамлекеттик тилди бардык тармактарда жигердүү колдонуу аркылуу өнүктүрүү, өзүбүздүн изибизди калтыруу менен тилибизди байытуу, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин башкы максатыбыз.
Мамлекеттик тил Кыргызстанды мекендеген бардык элдерди бириктирген достуктун жана биримдиктин тили болсун!
Поделиться в социальных сетях