22.12.2020 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Эмил Куданалиевдин Энергетиктер күнү менен куттуктоосу
Урматтуу кесиптештер, достор!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Энергетиктердин күнү менен жана бүтүндөй бир доордун символу, мекенибиздин электр энергетикалык тутумун түзүүдөгү баштапкы чекит болуп калган ГОЭЛРО планынын кабыл алынгандыгынын 100 жылдык мааракеси менен куттуктоого уруксат этиңиздер.
Бул маанилүү даталар бир нече муундагы энергетиктердин ортосундагы байланыштыруучу кызмат болуп саналат жана алардын ишинин өзгөчөлүктөрүнө карабастан тармактын бардык өкүлдөрүн бириктирет.
Күн сайын, талыкпаган эмгек менен, энергетика тармагында иштегендердин бардыгы эң керектүү артыкчылыктардын бирин - жылуулукту жана жарыкты жаратышат.
Ушул татаал мезгилде, пандемия шартында, мектеп окуучулары жана студенттер онлайн режиминде билим алуусу үчүн, жумушчуларга аралыктан иштөөгө мүмкүндүк түзүп берүү үчүн, ошондой эле үйлөр, ооруканалар, өндүрүштүк мекемелер жана кеңселер ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздалышы үчүн биз күнү-түнү кызмат кылууну улантабыз.
Кесиптик майрам күнү жана Жаңы жылдын алдында баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгилик жана ар дайым алдыга умтулууга дем берген түгөнгүс энергия каалайм!
Поделиться в социальных сетях