22.12.2020 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта Энергетиктердин күнүнө жана ГОЭЛРО планынын кабыл алынгандыгынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
Бүгүн, 2020-жылдын 22-декабрында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын салтанат залында Энергетиктердин күнүнө жана ГОЭЛРО планынын кабыл алынгандыгынын 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын, "Электр станциялары" ААКтын жана "КЭЭБ" ААКтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы - Жыргалбек Сагынбаев, Улуттук энергохолдингдин төрагасы - Нурбек Козубеков, Кыргыз Республикасынын Энергетикасынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары - Ильяс Давыдов жана энергокомпаниялардын башкы директорлору куттукташты.
Поделиться в социальных сетях