06.01.2021 Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясынын өчүүсүнө Өзбекстандын энергетика тутумундагы үзгүлтүктөр себеп болду
2020-жылдын 5-январында саат 17:43тө Борбордук Азиянын бириктирилген энергетикалык тутуму Казакстандын түндүк энергетикалык тутумунан ажыраган. Жүктөлүүнү жыштыктык автоматтык түрдө жеңилдетүү (ЖЖАЖ) иштеп баштаганга чейин энергетика тутумундагы жыштык төмөндөгөн. Буга Өзбекстандын энергетикалык тутуму электр энергиясын ашыкча колдонгондугу себеп болгон.
Саат 17:59да ЭБЧ-530 (Казакстандын энергетикалык тутуму) транзитке кошулуп, Кыргызстандын энергетикалык тутуму жыштыкты жөнгө салууну алып салды.
Саат 18:15те ЭБЧ-532, ЭБЧ-539 транзитке кошулду. ЖЖAЖдан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо ыкчам түрдө калыбына келтирилди.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Поделиться в социальных сетях