08.01.2021 2021-жылдын 8-январында электр энергиясынын өчүрүлүшү жөнүндө маалымат
2021-жылдын 8-январында саат 19:03дө Өзбекстандын энергетикалык тутумунда 400 МВт кубаттуулуктагы блок авариялык түрдө өчкөн. Казакстандын Бирдиктүү энергетикалык тутумунун түндүк-түштүк кесилишиндеги 500 кВ транзиттик аба электр чубалгысындагы кубаттуулуктун кескин төмөндөшүн жоюу үчүн аварияга каршы автоматиканын иштөөсү менен Борбордук Азия бириктирилген энергетикалык тутумунун, анын ичинде Кыргызстан энергетикалык тутумунун түндүгүндө электр энергиясынын керектөөчүлөрү өчүрүлгөн. Саат 19:16да бардык керектөөчүлөр туташтырылган.
Керектөөчүлөрдүн авариялык автоматикадан өчүрүлүшү 2021-жылдын 5-январында болгон кубаттуулуктун ири тартыштыгы жана жыштыктын төмөндөөсү менен Борбордук Азия бириктирилген энергетикалык тутумунан обочолонгон иштөөгө бөлүнүп чыгуунун алдын алды.
Поделиться в социальных сетях