18.01.2021 Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларындагы аба чубалгылардын (АЧ) тирөөчтөрүн ижарага берүү келишимин түзүү укугуна кайрадан аукцион өткөрүү жөнүндө маалымат
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы - Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын (Ош ЖЧЭТИ) Кара-Суу жана Жалал-Абад участокторундагы “Кара-Шоро” 110 кВ АЧнын тирөөчтөрүн (№79 тирөөчтөн №165 тирөөчкө чейин) үч жылдык мөөнөткө ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукцион кайрадан өткөрүлөт.
Ижаранын баштапкы баасы айына - 42 312 (кырк эки миң үч жүз он эки) сом.
Аукцион 2021-жылдын 22-январы саат 10:00дө, Ош ЖЧЭТИнин имаратында өтөт.
Дареги: Ош шаары, А. Масалиев атындагы проспект, 102.
Аукционго катышуу үчүн өтүнмөлөр 2021-жылдын 21-январы саат 17: 00гө чейин кабыл алынат.
Сурап билүү телефондору: 0322 6-5038, 6-65-94, факс 03222 5-57-10.
Поделиться в социальных сетях