20.01.2021 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 220-110 кВ электр тармактарынын жабдууларын аша жүктөлүүдөн сактоо үчүн электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат
2021-жылдын 6-январында абанын температурасы төмөн болгондугуна байланыштуу электр энергиясын керектөө 73 миллион 097 миң кВт саатты түзүп, Кыргызстандын энергетика тутумунун бүткүл иштеген мезгилдеги максималдуу көрсөткүчүнө жеткен. Керектөөнүн максималдуу кубаттуулугу кечки сааттарда 3317 МВт түздү. Ошол эле учурда электр энергиясын керектөө энергетикалык тутумдун түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө өстү. 220-110 кВ электр тармактарындагы жабдуулардын аша жүктөлүүлөрү Республиканын бардык аймактарында байкалды. Ушундан улам жабдуулардын эскириши бир кыйла күчөдү. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында келип чыккан кемтиктерди өз убагында аныктоо жана четтетүү үчүн диагностикалык көзөмөлдү күчөттү.
2021-жылдын 16-январынан баштап күн жылыгандыгына байланыштуу, электр энергиясын керектөө жол берилген параметрлерге чейин төмөндөй баштады. Бирок, жакынкы күндөрдө нөшөрлүү жаан-чачын менен абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө, бул жабдуулардын жол берилген параметрлеринин жогорулашына жана электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө алып келет. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК керектөөчүлөрүнө электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, айрыкча кечки сааттарда электр алеттерин негизсиз иштетпөө өтүнүчү менен кайрылат, бул 220-110 кВ электр тармактарынын аша жүктөлбөөсүнө, жабдуулардын эскирүүсүн жана аларды оңдоого кеткен кошумча чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак: Кыргыз Республикасында электр энергиясынын пландалган бир айлык керектөөсү 1 миллиард 886 миллион кВт/саатты түзсө, 2020-жылдын декабрь айында электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 2 миллиард 086 миллион 203 миң кВт саатка жеткен.
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта